Ош шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан "Царский двор" кафесинен чыккан ири өрт толук өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, өрттү өчүрүүгө жалпы 4 бөлүм жана штаб тартылган. Жалын саат 15:20да чектөөгө алынып, саат 16:26да толук өчүрүлдү.
Өрттүн жалпы аянты болжол менен 375 чарчы метрди түздү. Бактыга жараша, тилсиз жоодон жабыркагандар жок.
Аталган кафеден бүгүн, 6-мартта өрт чыкканы кабарланган.