Ысык-Көлдө тургундун үйүнөн 6 килограмм баңгизат табылды

Ысык-Көлдө тургундун үйүнөн 6 килограммдан ашык баңгизат табылды. Бул тууралуу бүгүн, 7-мартта Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга Жети-Өгүз районунун жашоочусу баңгизаттарды сатуу максатында ири өлчөмдө баңги каражаттарын даярдап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү Кызыл-Суу айылынын 1979-жылы туулган К.М. аттуу тургуну экени аныкталган. Соттун санкциясы менен шектүүнүн үйүнө тинтүү жүргүзүлгөн. Бул ишке атайын даярдыктагы кызматтык ит дагы тартылып, анын үйүнүн чатырынан салмагы 6 килограммдан ашык баңгизат табылган.
Табылган затка соттук-химиялык экспертиза дайындалып, анын 4 килограмм 212 граммы марихуана жана 2 килограмм 90 граммы гашиш экени аныкталган.
Кармалган К.М. убактылуу кармоо жайга киргизилди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан