"Аялын жиберген". Ошто опузалап акча талап кылууга шектүү жаран кармалды

Ош шаарында опузалап акча талап кылууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-мартта Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, Ноокат РИИБине аял киши арыз менен кайрылып, чала тааныштары опузалап акча талап кылып жатканын билдирген. Жабырлануучу былтыр май айынан бери тил каттын негизинде сатып алган жер тилкесине документ алууга аракет кылган. Бирок жер тилкенин ээси жана башка адамдар анда болгон документтерди жана тактаманы тартып алышып, акча талап кылышкан.
Жабырлануучу аял бир нече жыл мурда Ноокат районунун Мирмахмудов атындагы айыл аймагынан документтери расмий түрдө даярдалбаган жер тилкесин сатып алган. Бул аралыкта ал салыкты төлөп жүргөн. 2023-жылы документтерин бүтүрүүгө аракет кылган учурда үч жаран каттоо үчүн акча талап кылышкан. Алар өздөрүнүн бул аракетин аялдын тууганы карыз деп түшүндүрүшкөн. Алар кайрадан ушул жылдын жазында акча талап кыла башташкан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүгүнүнө (Опузалап талап кылуу) ылайык кылмыш иши козголгон.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында 5-март күнү Ош шаарында 30 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан жеринен 1977-жылы туулган Х.М. кармалган. Шектүү акчаны алуу үчүн жубайын жөнөтүп, өзү унаада отурган. Жыйынтыгында экөө тең кармалып, кийинчерээк жубайы коё берилген.
Шектүү буга чейин жабырлануучудан 360 миң сом өлчөмүндө акча каражатын бөлүп алып, ар бир жолу документтерин толтурууга жардам берүүнү убада кылып келген.
Тергөөдө ал жерди 2023-жылдын күзүндө башка жарандарга сатып жибергени, бирок андан кийин да аялдан акча талап кылып келгени белгилүү болгон.
Кармалган жаран М.Х. убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.
Учурда кылмыштын шериктеринин жүргөн жерин аныктоо жана кармоо боюнча чаралар көрүлүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан