Ысык-Көлдө 47 жаштагы тургундун тоокканасынан баңгизат табылды

Ысык-Көлдө 47 жаштагы тургун баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-мартта Ички иштер министрлигинен билдирди.
Маалыматка караганда, милицияга Жети-Өгүз районунун 47 жаштагы М.А. аттуу тургуну баңгизат сатып жүргөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесине (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.
Алынган маалыматтын алкагында анын жашаган жерине тинтүү жүргүзүлүп, тоокканасынан баштык табылган. Андан салмагы 1 килиограмм 433 граммды түзгөн 22 даана брикет гашиш баңгизаты алынып, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө иштери уланууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан