8-март: Бүгүн кыргыздын туңгуч актрисасы Айша Карасаева төрөлгөн

Бүгүн, 8-мартта кыргыздын туңгуч актрисасы, белгилүү илимпоз Кусейин Карасаевдин жубайы Айша Карасаева (Түмөнбаева) төрөлгөн. Актриса Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Талды-Суу айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Атасы Султаналы өзүнүн айылында мектеп ачып, директор болуп сабатсыздыкты жоюу менен алектенген. 1931-жылы ак жеринен камалып, ошол боюнча дайынсыз болгон. Ал эми энеси Асылкан колунан көөрү төгүлгөн аял болгон. Карасаеванын 12 бир тууганы болгон.

Ата-эненин билим алса деген максатынан улам Айша 11 жашында бир жума бою жол жүрүп борбор калаага келип, педагогикалык техникумда билим алган.

Ал фильмде башкы ролду жараткан кыргыз киносунун тарыхындагы биринчи аял.

1927-жылы аталган айылга Ташкенттен жана Москвадан тартуучу топ “Жабык араба” фильмине башкы каарманды издеп келип калат. Режиссёр шамдагай, сулуу кызды көрүп, аны тасмага тартылууга чакырган. Башында Айша тартынып, өзүн жоготкону менен, бара-бара баарын өздөштүрүп кеткен. Ага мажбурлап күйөөгө чыккан Айжамал аттуу кыздын ролун ойношу керектигин түшүндүрүшкөн. Муну менен ал кыргыз киносунун тарыхында башкы ролду жараткан биринчи аял болуп калган.
Кыргыз драматургиясынын алгачкы драмасы - Молдогазы Токобаевдин "Кайгылуу Какей" чыгармасындагы Какейдин бейнесин биринчи болуп жараткан. Көп жылдар бою Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүндө сабак берген. 2011-жылы ал Даңк медалы менен сыйланган. Мындан тышкары ал 1960-жылы жарык көргөн стенография боюнча китептин автору болуп саналат.
1930-жылы Кусейин Карасаев менен баш кошуп, 70 жыл чогуу өмүр сүрүшкөн. Жубайлар өз жашоосунда бири-бирине колдоо көрсөтүп өмүр сүргөн. Окумуштуунун байбичеси өмүрүнүн аягына чейин жолдошунун бардык илимий эмгектерин редакторлогон.
Карасаевдер үч кызды татыктуу тарбиялап өстүргөн. Улуусу Люция чейрек кылымдан ашык физикадан сабак берип иштесе, Галина химия илимдеринин кандидаты болгонго чейин жетишкен. Ал эми кичүү кызы Алтынай медицина илимдеринин докторлугуна чейин жетишип, эл аралык деңгээлдеги окумуштуу боло алган.
Айша Карасаева 2014-жылы 103 жаш курагында бул дүйнө менен кош айтышкан.
8-марттын жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан