"Туулган күнүмдө төш белги менен сыйландым" дейт 41 жашка толгон ырчы Гүланда 

Бүгүн, 8-мартта ырчы Гүланда 41 жашка толду. Ырчыны куттуктап байланышка чыгып, бүгүнкү маанайы менен бөлүштүк.

"Быйыл туулган күнүмдү эмнегедир башкача тосуп жатам. Түнкү 12 болору менен эле ишим башталган, бүгүн Аксыга да концерт бергени кетип баратам. Маанайым абдан сонун, ал жакта мени күтүп жаткан адамдар бар. Майрамды чогуу белгилейбиз.

"Кыргыздын мырзайымы" деген төш белги менен да сыйландым. Бул мен үчүн кубанычтуу болду", - дейт ырчы.

"Эх, сүйүү", "Махабат багы", "Менин сүйүүм" аттуу ырлары менен көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө арзыган ырчы Гүланда Нарын облусунун Ак-Талаа районунда жарыкка келген. Кыргыз Техникалык университетин бүтүргөн. Алгач "Ай Теңир" тобунун солисти болуп, кийин жеке ырчы катары белгилүү болгон.

8-мартка карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан