"Токтобой качып". Бишкекте унаа айдай качкан жигит шаардын чыга беришинен кармалды

Чүй облусунда авто унаа уурдап, качып бара жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы кабарлады.

Кечээ, 7-март күнү болжол менен саат 21:30 чамасында Бишкек шаарынын Октябрь районундагы үйлөрдүн биринде токтоп турган Ауди А4 үлгүсүндөгү унааны белгисиз жарандар уурдап качып кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Бул факты боюнча Бишкек жана Чүй облусунун аймагында “Колго түшүрүү” иш-мерчеми киргизилип, ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында Бишкек-Нарын-Торугарт айланма жолунун 31-чакырымынан Ауди А4 үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Бирок, айдоочу кызматкерлерге баш ийбей андан ары качкан.

Ошого карабастан, кызматкерлер артынан кууп, ыкчам аракеттеринин натыйжасында 2002-жылы туулган Ш.Г. аттуу айдоочуну кылмышка шектүү катары кармашып, тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн, Ысык-Ата РИИБнүн тергөө кызматына жеткиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан