АКШда өткөн турнирге катышкан кыргыз спортчулары Бишкекке келишти (фото) 

Кыргызстандын таяк тартыш (мас-рестлинг) боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү АКШда өткөн “Arnold Classic” турниринен кайтып келишти.

Спортчулар түшкөн учак кечээ, 8-мартта “Манас” эл аралык аэропортуна келип конду.

Аларды Дене тарбия жана спорт департаментине караштуу Спорттун Олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Улан Шаяхматов, спортчулардын тууган-жакындары жана күйөрмандары тосуп алышты.

Эске салсак, Кыргызстандын таяк тартыш (мас-рестлинг) боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү 29-февралдан тарта 3-мартка чейин АКШда өткөн “Arnold Classic” аталышындагы эл аралык турниринде байгелүү орундарга (4 алтын, 2 күмүш жана 1 коло) ээ болушкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан