"Сонун көрүнүш".  Анталияда дээрлик бир пьедесталды кыргыз балбандары ээлешти  

Кыргыз балбаны Бекзат Алмаз уулу Түркиянын Анталия шаарында өтүп жаткан "Яшар Догу" эл аралык турниринде алтын медаль утту.

Ал турнирге 57 килограмм салмакта катышты. Биринчи беттешинде кыргыз балбаны ирандык балбанды жеңип, чейрек финалда дагы бир кыргызстандык Бекболот Мырзаназар уулунан күчтүү болду. Жарым финалда казакстандык балбанды жеңип, финалга чыкты.

Финалдык беттеште Бекзат Алмаз уулу орусиялык Начын Монгушту 2:1 эсебинде утуп, алтын медаль тагынды.

Ошондой эле 57 килограмм салмакта Алмаз Сманбеков менен Бекболот Мырзаназар уулу дагы коло байге утушту.

Ошентип 57 килограмм салмакта күмүш медаль эле башкага өлкөгө кетип, коло жана алтын байгелерди үч кыргыз балбаны утту.

74 килограмм салмакта дагы Орозбек Токтомамбетов коло медаль тагынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан