Анталия шаарында өтүп жаткан "Яшар Догу" эл аралык турниринде кыргыз балбаны Улукбек Жолдошбеков алтын медаль утту.
65 килограмм салмакта мелдешке катышкан кыргыз балбаны Бельгия, Иран, Азербайжан, Казакстандын балбандарын төрт жолу катары менен жеңип, финалга чыкты.
Финалда Улукбек Жолдошбеков азербайжандык спортчуну жеңип, турнирдин жеңүүчүсү аталды.
Бул медаль Кыргызстан үчүн турнирдеги он биринчи медаль болду.