Бразилиялык журналист Пауло Альбукерке социалдык тармактагы баракчасы аркылуу "Барселонанын" жана Бразилия курама командасынын мурдагы коргоочусу, дүйнөнүн эң титулдуу футболчусу Дани Алвес өз жанын кыйганын жазды.
"Мен Дани Алвес өз жанын кыйганы тууралуу маалымат алдым", - деп жазды ал.
Бул маалымат расмий түрдө тастыктала элек.
Эске салсак, январда Дани Алвес Барселонадагы "Саттон" түнкү клубунда 23 жаштагы кызды зордуктаган деп айыпталган. Февраль айында сот аны күнөөлүү деп таап, 4 жарым жылга эркинен ажыраткан.