Бүгүн, 10-мартта Бишкектеги Шаардык муз аянтчасында үчүнчү дивизиондун командалары (А тайпасы) арасында хоккей боюнча дүйнө чемпионаты башталат.
Алтын медалдар жана экинчи дивизионго жолдомо үчүн күрөштү бир айлампада өз ара ойногон 6 команда ат салышат.
Биринчи турдун беттештери 10-мартта башталды. Кыргызстандын курама командасы Таиланд курама командасы менен беттешет, беттеш саат 20:00дө башталат.