Кечээ, 10-мартта Бишкектеги "Газпром балдарга" спорт комплексинде футзал боюнча өлкө чемпиондугунун финалындагы акыркы чечүүчү беттеш болуп өттү.
Анда Оштун "Алай" командасы менен Бишкектен "Фарватер" командалары кез келди. Жыйынтыгында "Алай" 5:4 эсебинде атаандашын жеңип, өлкө чемпиону аталды.
Күмүш байгеге "Фарватер" ээ болсо, коло байгени Бишкектин "Дордой" командасы алды.