Футбол боюнча Өзбекстан чемпиондугунун 2-турундагы "Андижан" - "Бунёдкор" командаларынын беттешинде кызык окуя болду.
Беттеш 5:1 эсебинде "Андижан" командасынын жеңиши менен аяктады. Бирок, элдин көңүлүн бурган эпизод башка болду.
Оюндун 34-мүнөтүндө эки команда оюнчулары калыстын жанында турушкан. Ошол убакта "Бунёдкордун"оюнчусу Усмонали Исмоналиев жанында турган "Андижан" клубунун оюнчусун көкүрөккө тепкен. Аны түшүнбөгөн футболчу туруп калганда командалашы келип симулация кылыш үчүн аны түртүп жыгылткан. Жыйынтыгында калыс "Бунёдкордун" оюнчусуна кызыл айып кагазын берди.
Усмонали Исмоналиев тамаша катары тептиби же атайынбы белгисиз.