Бишкекте өтүп жаткан хоккей боюнча үчүнчү дивизиондун командалары арасындагы Дүйнө чемпиондугунда Кыргыз курамасы Таиландга утулуп калды.
Алгач 1:0, андан кийин 2:1 эсебинде алдыда келе жаткан Кыргыз курамасы Таиландга 9:4 эсебинде утулушту.
Кыргыз курамасы дагы да экинчи дивизионго чыгуу мүмкүнчүлүгүн жогото элек. Алдыда Мексика, Түштүк Африка, Люксембург жана Түркмөнстандын курама командалары менен дагы төрт оюн бар.