Бишкекте "Тез жардам" унаасынын катышуусунда жол кырсыгы катталды

Бүгүн, 11-мартта эртең менен Бишкекте "Тез жардам" унаасынын катышуусунда жол кырсыгы катталды.

Шаардык медициналык "Тез жардам" борборунун маалыматы боюнча, окуя Байтик Баатыр менен Горький көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган.

"Кесилишти МАИ кызматкери жөнгө салып, тез жардам унаасын өткөрүп жиберген. Бул учурда тез жардам унаасы бейтапсыз бара жатып, жеңил унаа менен кагылышкан", - деп айтылат билдирүүдө.

Кырсыктын кесепетинен "Тез жардам" унаасынын айдоочусу жана жеңил унаанын жүргүнчүсү жабыркаган. Алар ооруканага жаткырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан