Кара-Суунун тургунунан 100 миң сом талап кылган кылмыштуу топ кармалды

Ошто “аялым менен кат жазыштың” деп коркутуп, 100 миң сом опузалаган кишилер кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта Ички иштер министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга Кара-Суу районунун тургуну арыз менен кайрылган. Ал март айынын башында белгисиз адамдар телефон чалып, ага жубайы менен кат жазышканын шылтоолоп (чындыгында эч кандай жубайы эмес) коркутуп, 100 миң сом өлчөмүндө акча талап кылып жатканын билдирген.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси менен (Опузалап талап кылуу) кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө опузалоочулар азырынча талап кылынган сумманын бир бөлүгүн алууга макул болгон жана Ош шаарынын аймагында алып жаткан учурда кармалган.

Кармалгандар 1999-жылы туулган М.Р., 1998-жылы туулган Ж.А., 1997-жылы туулган А.А. жана 1996-жылы туулган Ж.Ш. болуп, алардын баары Ноокат районунун тургундары экендиги аныкталган.

Шектүү М.Р. буга чейин "адам өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылган, андан тышкары башка өлкөнүн аймагында кылмыш жасагандыгы үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн.


Учурда жогорудагы жарандардын ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар-жогу иликтенип, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан