Бишкекте 20 жаштагы жигит баңгизат сатууга шектелип кармалды

Бишкекте баңгизат каражаттарын мыйзамсыз даярдоого жана сатууга шектелип 20 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Билдиргендей, 4-марттагы рейд учурунда Матыев көчөсүндө белгисиз адам өзүнүн жүрүм-туруму менен милиция кызматкеринин көңүлүн бурган.

Шек жараткан жаранды текшерүүдө өз ыктыяры менен белгисиз зат кошулган кара термосту берген. Алынган затка тиешелүү экспертиза дайындалып, изилдөөгө берилген.

Натыйжада салмагы 1,5 граммды түзгөн "Параметилэфедрон" психотроптук зат экени аныкталган. Мындан тышкары шектүү жалпы салмагы 45,33 граммды түзгөн баңгизатардын сакталган жайларын көрсөтүп берген.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесине (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 2004-жылы туулган жаран Т.Н. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө иштери уланууда.

11.03.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан