Өлкөдө алгачкы жолу заманбап балет труппасы түзүлөт

Өлкөдө алгачкы жолу 40 бийчиден турган классикалык балет жана заманбап бий элементтерин камтыган заманбап балет труппасы түзүлөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдирди.

Ага ылайык, балет труппасына 18ден 25 жашка чейинки улан-кыздар кастинг жолу менен кабыл алынат. Сынакка катышууда жарандык чектелбейт.

"Сынак ушул жылдын 3-4-апрель күндөрү Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореграфиялык окуу жайында өтөт. Анда советтик жана россиялык хореограф, "Тодес" эл аралык балетинин негиздөөчүсү жана көркөм жетекчиси Алла Духова төрагалык кылат", - деп айтылат маалыматта.

Жаңы түзүлгөн балет труппасы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын штатына кабыл алынат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан