Кыргызстандык дизайнер панелдердин чектелген коллекциясын түздү

Белгилүү дизайнер Айпери Обозова IQOS аппаратынын панелдери үчүн чектелген басып чыгаруу коллекциясын камтыган түстүү кызматташууну тартуулады.

Айпери Обозова Бишкекте жарыкка келген. Ал мектеп кезинен эле кийимдердин дизайнын каалаганын түшүнгөн. Өзүнүн биринчи мода коллекциясын 2009-жылы чыгарган. Ошондон бери кыргызстандык дизайнер өзүнүн кийим дүкөнүн ачып, иштетип келет. Ал эми 2011-жылы жаратылыштын жана өсүмдүктөрдүн сүрөттөрүн чагылдырган оюм-чийим элементтерин камтыган өзүнүн улуттук орнаментин иштеп чыккан.

Кийинчерээк, бул анын мода жыйнактарында негизги мотиви болуп калды. Айпери Обозова өнөрчүлүгүндө заманбап мода тенденциялары менен кыргыздын улуттук мотивдерин ийгиликтүү айкалыштырып жана маданий салттар менен келечектин симбиозун түзүүдө.

"Менин ойлойм ийгиликтүү дизайнердин колунан баары келет. Анткени биз ойлоп табабыз, жаратабыз, тигебиз жана ишибизди массага жеткиребиз. Дизайнерлер, албетте, чыгармачыл ой жүгүртүшөт. Кийимдин оригиналдуу жана коомчулук үчүн кызыктуулары көбүнчө айланадагы дүйнөгө көңүл буруп, майда-чүйдөсүнө чейин байкагандан улам пайда болот", - дейт дизайнер.

Айпери менен IQOS биргелешип эркиндик, улуттук каада-салт жана аялдык күчтөн шыктанган үч уникалдуу принтерди тартуулашты.

"Мага дизайнды иштеп чыгууда мен колдонгон негизги мотив менимче, көпчүлүк колдонуучуларга дароо эле түшүнүктүү. Себеби, менин негизги мотивдерим - бул эркиндик, жеңилдик, маданиятыбызга болгон сүйүү, өзүбүзгө ыраазычылык жана аялдардын аңгемелери.

Мен үч чыгарманы тең бириктирген саптарга басым жасадым – алар биздин башталышыбызды, келечегибизди жалпы персоналдап тургансыйт. Мен ар дайым мени курчап турган нерселерден шык таптым. Бул чыгармачылыгым да четте калган жок. Иллюстрацияларда биздин улуттук оймо-чиймелер даана көрүнүп турат. Бул жаңы, жаңыланган дизайндагы улуттук кыргыз оюсу.

Бул паннелдердин чектелген сериясы көптөргө резонанс жаратып, күнүмдүк жашоосунда кызыктуу жана стилдүү кошумча болуп калды деп ишенем", - деди Айпери Обозова кызматташуу тууралуу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан