Чүйдө абактарга баңгизат сатып жүргөн шектүү кармалды

Чүйдө абактарга баңгизат саткан шектүүнүн унаасы токтотулуп, ичинен гашиш табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, ИИМ менен Жаза аткаруу кызматынын кызматкерлери абактарга баңгизаттарды таратуу менен алектенгендерди аныктоо боюнча атайын операция жүргүзүшкөн.
Ага ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүгү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Чүй облусунун Москва районунда атайын тергөө амалдары жүргүзүлүп, 2003-жылы туулган С.Ж. аттуу Тойота Королла үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу токтотулган.
Унааны текшерүү учурунда жашыл түстөгү скотч менен оролгон 3 түрмөк кара куурай табылган. Алынган зат соттук-химиялык экспертизага берилип, жалпы салмагы 3 килограмм 100 граммды түзгөн кара куурай чайыры гашиш экени аныкталган.
Шектүү узак убакыт бою түзөтүү мекемелерине өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизаттарды ташуу менен алектенип келгени аныкталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери жүрүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан