Мадриддик "Реалдын" жарым коргоочусу Браим Диас футбол боюнча Марокко улуттук курамасында ойноону чечти. Бул тууралуу белгилүү спорт журналисти Фабрицио Романо жазды.
24 жаштагы футболчу буга чейин Марокконун Королдук футбол федерациясына макулдугун берген, расмий билдирүү кийинчерээк жарыяланат.
Браим Диас Испанияда төрөлгөн, бирок атасы марокколук болгондуктан Мароккодо ойной алат. 2021-жылы футболчу Испания курама командасынын курамында Литва менен жолдоштук беттеште ойноп, бир гол киргизген. Бирок расмий оюндарда бул өлкөнүн улуттук курамасында ойногон эмес.