Ошто алдап алган фураны сатууга аракет кылып жаткан жаран кармалды

Чоң-Алайдан алдап алган унааны Кара-Сууда сатууга аракет кылып жаткан 29 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта Ош ОИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 4-мартта милицияга 1999-жылы туулган Чоң-Алай районунун тургуну Г.А. арыз менен кайрылган. Ал "Сайит" аттуу жаран Volvo FH үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаасын Gen Trail TX34 үлгүсүндөгү прицеби менен кошо алган боюнча из жашырып кеткенин айткан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары Баткен облусунун 1995-жылы туулган тургуну С. уулу Б. Кара-Суу районунда аталган жүк ташуучу унааны сатууга аракет кылып жаткан жеринен кармалган. Кармалган жаран мурда сот жообуна тартылган.
Маалыматта жабырлануучуга келтирилген зыян болжол менен 4 миллион 490 миң сомду түзөрү айтылат.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча тергөө иштери уланууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан