Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы Түркияда өткөн "Yasar Dogu, Vehbe Emre & Hamit Kaplan" аталышындагы спорттук күрөш боюнча Эл аралык мелдешинин жыйынтыгы менен 3-орунду ээледи. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалымдалгандай, ата мекендик спортчулар 1 алтын жана 2-коло медалга татыды.
Ага ылайык, биринчи орунга 166 упай менен Иран мамлекети чыкса, экинчи орунду 107 упай менен Түркия, Кыргызстан 97 упай алып 3-орунга чыкты.
"Аталган мелдеште Жоламан Шаршенбеков (60 килограмм) алтын медаль, Афтандил Таалайбек (63 килограмм) жана Үзүр Жусупбеков коло байге утушту",-деп айтылат маалыматта.