Бильярд боюнча дүйнө чемпиону Каныбек Сагынбаев кармалды

Бишкекте спорт мектебинин директору кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-мартта Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Свердлов РИИБине Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия, спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин директорунан кайрылуу келип түшкөн. Анда спорттук мектептердин биринде мүлктү кабыл алуу жана өткөрүп берүү учурунда спорттук инвентарлардын көлөмү инвентаризациялык отчётко туура келбеген фактылар аныкталган. Натыйжада мамлекеттик бюджетке 1 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренесинин 4-бөлүгүнүн 2-пунктуна (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) ылайык кылмыш иши козголгон.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө С.К. аттуу жаран аталган мекеменин директору кызматына дайындалып жатканда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин алдындагы Башкаруу жана бизнес институтунун дипломун көрсөткөнү аныкталган. Бирок алынган расмий маалыматтар боюнча ал диплом С.К. наамына берилген эмес жана архивдик документтердин жана окуу жайдын өздүк курамы боюнча буйруктардын арасында көрсөтүлгөн эмес.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинин 2-бөлүгүнө (Документтерди жасалмалоо) ылайык кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 1985-жылы туулган С.К. кармалып, райондук сот тарабынан үй камагына чыгарылган. Кармалган жаран бильярд боюнча дүйнөнүн 3 жолку чемпиону Каныбек Сагынбаев экени айтылды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан