"Наполи" клубунун президенти Аурелио Де Лаурентис Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалында "Барселонаны" жеңсе, неаполитандык команданын оюнчуларына 10 миллион евро төлөп берет. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.
Жооптук беттеш эртең, 13-мартка караган түнү Барселонада өтөт. Биринчи оюн 1:1 эсеби менен аяктаган.
Чемпиондор Лигасынын чейрек финалына чыккан "Наполи" автоматтык түрдө 2025-жылкы Клубдар арасындагы Дүйнө чемпиондугуна жолдомо алат. 32 команда катыша турган турнир келерки жайда АКШда өтөт.