Ошто опузалап акча талап кылууга шектелип 5 адам кармалды

Ошто опузалап акча талап кылуу менен алектенүүгө шектелип 5 адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-мартта Ички иштер минисрлиги билдирди.
Маалыматта шектүүлөр атайын операция учурунда кармалганы айтылат.
Кармалгандардан жабыр тарткан жарандын айтымында, түн ичинде бейтааныш адамдар анын үйүнө келип, алардын бири күч түзүмдөрүнүн күбөлүгүн көрсөткөн. Анан алар үйүнөн "баңгизат таап алуулары мүмкүн" деп коркутушуп, 100 миң сом талап кылышкан.
Ошондой эле Мазда-323 үлгүсүндөгү унаасын тартып алып, толук сумманы төлөп бергенден кийин унааны кайтарып берүүнү убада кылышкан. Эртеси жабырлануучу 100 миң сомду опузалоочуларга берген. Бирок эки жумадан кийин шектүүлөр кайрадан 100 миң сом талап кылышкан. Мындан улам жабырлануучу милицияга кайрылган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесине (Опузалап талап кылуу) ылайык кылмыш иши козголгон.
Ыкчам иштердин жүрүшүндө опузалап талап кылган жарандар азырынча талап кылынган сумманын бир бөлүгүн алууга макул болгону аныкталган. Андыктан Ош шаарында убадаланган акчаны алып жаткан жеринен шектүүлөрдүн бири 1999-жылы туулган А.С. кармалып, андан күч түзүмдөрүнүн биринин кызматкеринин жасалма күбөлүгү алынган.
Мындан тышкары милиция шектүү болгон дагы төрт адамды кармашкан. Алар 2000-жылы туулган А.О., С.О., 1969-жылы туулган Я.А. жана 1981-жылы туулган О.А.
Учурда кармалгандардын ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар же жоктугу иликтенип, текшерилип жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан