Бишкекте көк бөрү боюнча "Нооруз-2024" республикалык турнири башталды.
Быйылкы оюндар Ак-Кула ат майданында төрт лигага бөлүнүп өтүүдө. Алар: - Жогорку Лига, 6 команда;
Биринчи Лига, 12 команда;
Экинчи Лига, 16 команда;
Легендалар Лигасы, 6 команда.
Турнирдин алгачкы күнү Экинчи Лиганын оюндары менен башталды. Ал жакта 16 команда төрт тайпага бөлүнүп, оюн көрсөтүшүүдө. 15-марттан тарта Легендалар (ардагерлер) жана Биринчи Лиганын оюндары башталат.
Ал эми 16-марттан баштап Жогорку Лига катарга кошулмакчы.
Турнирди расмий ачылыш салтанаты 15-мартка белгиленген, ал эми финалдык оюндар Нооруз майрамына утурлай 21-мартта өтөт.