Бишкекте унааларды ижарага алып, документтерин жасап, кайра саткан турган кылмыштуу топ кармалды

Бишкекте ижарага алган унаалардын кузов номурун жана документтерин алмаштырып, аны кайра сатуу менен алектенген топ кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-мартта Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Билдиргендей, И.В., М.Р., З.А., Ж.А. аттуу жарандар кылмыштуу топ түзүшкөн. Шектүү Ж. чет мамлекеттин жараны. Ал кылмыштуу схеманы иштеп чыгып, өз ара ролдорду бөлүштүрүп турган. Милицияга бул топ бир катар кылмыштарды жасап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган топ Бишкек шаарында узак мөөнөткө ижарага берилчү унааларды жарнактар аркылуу табышкан. Андан кийин алар унаа ээлерине ай сайын төлөнүүчү төлөмдөрдү камсыз кылууну, коопсуздук кепилдигин жана унааны кайра кайтарууну убадалашкан. Бирок кыска мөөнөттө жаңы номурга документтерди жасап, унаанын кузовунун номерин өзгөртүп, андан ары сатып турушкан.

Ошондой эле "Чалдовар" көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу коңшу мамлекеттин аймагына автоунааларды мыйзамсыз алып өтүү фактылары аныкталган. Анда унааларды сатуу жана жашыруу Ж. аттуу адам тарабынан ишке ашырылып турган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 2001-жылы туулган З.А. жана 1984-жылы туулган Ж.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Ал эми мурда мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн 1981-жылы туулган жаран И.В. Орусиядан кармалып, өлкөгө алынып келинген.

"Козголгон кылмыш ишинин алкагында кылмыштуу топтун мүчөлөрү Бишкек шаарында жүргөндө ар кандай шериктештик менен жалпысынан 10 автоунааны ээлеп алгандыгы белгилүү болуп, алардын негизги бөлүгү мыйзамдуу ээлерине кайтарылып берилген", - деп айтылат маалыматта.

Учурда кылмышка катыштыгы бар башка адамдардын жүргөн жерин аныктоо жана кармоо боюнча иштер улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан