Бишкектеги түрмөгө уюлдук телефонду тортко катып кирүүгө аракет кылган адамга айып салынды

ЖАКтын №2 түзөтүү мекемесине тортко телефон катып киргизип берүүгө болгон аракетке бөгөт коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 12-мартта Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мекеменин ыкчам бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан текшерип өткөрүү жайынан соттолгон С.К.га 32 жаштагы Ж.Б. аттуу жаран аманат тамак-аш алып келген. Азык-түлүктөрдү тиешелүү кызматкерлер тарабынан текшерүүгө алганда торттун ичинен Самсунг A-15 үлгүсүндөгү уюлдук телефон табылган.

Аныкталган факты боюнча Ж.Б аттуу жаранга карата Укук бузуулар жөнүндө мыйзамдын 446-беренесинин негизинде 17 миң 500 сом айып пул салынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан