Бишкекте милиция кызматкерлери өз жанын кыймак болгон жаранды куткарып калышты. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, 8-март күнү кечке жуук милиция кызматкерлери Ботаникалык бакта бакка жип байлап алып жанын кыймак болгон жигит тууралуу маалымат алышкан. Ал жерге барган милиция кызматкерлери жанын кыймак болгон жигит менен сүйлөшүү жүргүзүп, аны жерге түшүрүшкөн.
Кийинчерээк жанын кыймак болгон жаран 1997-жылы туулган Ж.Э. аттуу жаран экени аныкталып, жагдайдын чоо-жайын тактоо үчүн милиция бөлүмүнө жеткирилген.