Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда эркектер жана кыз-келиндер арасында кыргыз күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпиондугу болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 12-мартта Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдешке жалпы 156 спортчу катышып, жеңүүчүлөргө диплом жана медалдар тапшырылды.