11 журналисттин үчөө үй камагына чыгарылып, сегизи абакта калтырылды

Кечээ, 12-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту кармалган 11 журналисттин баш коргоо чарасын карады. Натыйжада алардын сезиги камакта калтырылса, үчөө үй камагына чыгарылды.

Соттун чечими менен Сапар Акунбеков ден соолугуна байланыштуу, Жумабек Турдалиев эч жакка кетпөө тил катынын негизинде, Акыл Орозбеков дагы башка себеп менен үй камагына чыкты.

Ал эми "Темиров LIVE” редакциясынын кызматкерлери Максат Тажибек уулу, Махабат Тажибек кызы, кабарчысы Айке Бейшекеева, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбеков, “Арча Медианын” кызматкери Сайпидин Султаналиев, “Нур пресстин” журналисти Жоодар Бузумов, журналисттер Актилек Капаров жана Тыныстан Асыпбеков 13-майга чейин камакта калтырылды.

Эскерте кетсек, ушул жылы 16-январдын таңында кармалган журналисттердин үйлөрүндө тинтүү жүрүп, өзүлөрү ИИМге суракка жеткирилгени белгилүү болгон.

Ушул эле күнү Ички иштер министрлиги расмий билдирүү таратып, суракка алынып келинген 11 журналисттин баары 48 саатка камакка алынганын кабарлаган болчу. Министрлик "Айт, айт десе" Ютуб каналынын жана "Темиров LIVE” медиасынын кызматкерлерине массалык баш аламандыктарга чакырык жасагандыгы үчүн кылмыш иши козголгонун билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан