"Тон Манжылы Сервис" фирмасынын башкы директору кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-мартта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Билдиргендей, Тоң районунун Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары тарабынан атайын айыл чарба техникаларын сатып алуу боюнча тендер өткөрүүдө мыйзам бузуу фактысы аныкталып, ал боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөө улантылып жаткан.
Буга чейин былтыр 5-декабрда Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Б.Ш. УКМКнын кызматкерине айыл чарба техникаларын сатып алуунун жагдайын текшерүүнү токтотуу үчүн пара берүүгө аракет кылып жаткан учурда кармалган.
Ал эми 1-мартта бул кылмышка катыштыгы бар деген шек менен "Тон Манжылы Сервис" ишканасынын башкы директору И.М. кармалып, Каракол шаарындагы № 23 тергөө абагына киргизилген.
Учурда тергөө иштери улантылууда.