УКМК дагы бир чиновникти кармады

Коррупция фактысы боюнча Жер ресурстары кызматынын Жалал-Абаддагы филиалынын директору кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

УКМКнын маалыматына ылайык, Чүй облусунун Москва районунда жер бөлүштүрүү боюнча коррупциялык кылмыштар фактысы тууралуу Жер ресурстары кызматынын Жалал-Абад шаардык филиалынын директору Р.Э.И. кармалган.

"Аталган Р.Э.И. Чүй облусунун Москва районундагы жер ресурстары кызматынын филиалынын директорлук кызматын ээлеп турган учурда "жер мафиясынын" мүчөлөрү менен тил табышып алып, акчалай сыйлык алуу үчүн трансформациянын расмий жол-жобосунан өтпөгөн турак жай куруу үчүн жер участокторуна жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыларга кол койгону жана бергени аныкталган.

Мындан тышкары, жер операцияларына катышуу жөнүндө маалыматы жок тараптарга жер тилкелерин жалган тариздөөдө (кайра тариздөө) фактылары аныкталды", - деп билдиришти УКМКдан.

Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында 11-мартында Р.Э.И. аттуу жаран кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда УКМК тарабынан бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана жоопкерчиликке тартууга багытталган иш-чаралар уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан