Канттын "Абдыш-Ата" футболдук клубу АФК Кубогунун интерзоналдык финалына чыкты.
Бүгүн, 13-мартта канттык клуб кытайлык Тайбэйдин Гаосюн шаарында "Тайчунг Футуро" клубуна каршы ойноду. Беттеш 3:1 эсебинде кыргызстандык клубдун жеңиши менен аяктады.
"Абдыш-Ата" клубунан голдорду Фархат Мусабеков, Магамед Узденов жана Нурлан Сарыкбаев киргизишти.
Кыргызстандык клубдун финалдагы потенциалдуу атаандаштары "Одиша" (Индия) жана "Централ Кост Маринерс" (Австралия) беттешинин жеңүүчүсү болот. Бул оюн эртең 14-мартта өтөт.
Интерзоналдык финалда канттык клуб 16 жана 23-апрелде ойнот. Бул жуптун жеңүүчүсү 5-майда өтө турган финалга жолдомо алат. Экинчи финалист болсо Батыш зонасынын финалдык оюндарында 24-апрелде аныкталат.