Борбор калаадагы “Газпром балдар үчүн” спорттук-эс алуу комплексинде 14-15-март күндөрү таяк-тартыш боюнча Бишкек шаарынын чемпиондугу өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 13-мартта Бишкек мэриясы кабарлады.
Маалымдалгандай, мелдештер эркектер арасында төмөнкү салмак категориялары боюнча өткөрүлөт: 60 килограммга чейин, 65 килограммга чейин, 70 килограммага чейин, 75 килограммга чейин, 80 килограммга, 90 килограммга чейин, 105 килограммга чейин, 105 килограммдан жогору; аялдар арасында: 55 килограммга чейин, 65 килограммга чейин, 75 килограммга чейин, 85 килограммга чейин, 85 килограммдан жогору.
Ал эми мелдешке 17 жаштан жогорку спортчулар катышат.
Ага ылайык, чемпиондук таяк-тартышты жайылтуу жана өнүктүрүү, Бишкек шаарынын курама командасын түзүү жана Кыргызстандын чемпиондугуна катышуу үчүн эң күчтүү спортчуларды аныктоо максатында өткөрүлүүдө.
Белгилей кетсек, иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча башкармалыгы жана Таяк-тартыш федерациясы уюштурду.