Садыр Жапаров жаңы шайланган муфтий Абдулазиз Закировду кабыл алды

Бүгүн, 13-мартта президент Садыр Жапаров Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жаңы шайланган муфтийи Абдулазиз Закировду кабыл алды. Жолугушууга Кыргызстандын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Тойгонбай Абдыкаров катышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, мамлекет башчысы Абдулазиз Закировду Кыргызстандын муфтийи кызматына шайланышы менен куттуктады. Талкуунун жүрүшүндө КМДБнын учурдагы ишмердүүлүгүнүн ар кыл маселелери, ошондой эле өлкөнүн алдында пайда болгон чакырыктарга жана коркунучтарга каршы аракеттенүү темалары көтөрүлдү.

Мамлекет башчысы Исламдын салттуу баалуулуктарына туура келбеген айрым көрүнүштөргө тынчсыздануусун билдирип, салттуу ханафий мазхабын кармануу зарылчылыгына басым жасоого чакырды.

"Жолугушуунун жүрүшүндө Садыр Жапаров Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын “Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгын түшүндүрүү боюнча ишине канааттануусун билдирди. Жарандар бара-бара кымбат баалуу мүрзө таштарын жана шаан-шөкөттүү майрамдарды кредитке коюудан баш тартып жатканы белгиленип, Президент ысырапкорчулук көрүнүштөрүн азайтуу үчүн бул ишти улантууга чакырды",-деп айтылат маалыматта.

Ага ылайык, муфтий Абдулазиз Закиров кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, президент Садыр Жапаровду Орозо айынын башталышы менен куттуктады. Ошондой эле ал Мамлекет башчысынын тапшырмасы менен республиканын бардык аймактарында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана кадрлар резервин түзүү пландары тууралуу билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан