Садыр Жапаров: "Митингге чыккандарга жооп катуу болот, башынан сылап отурбайбыз"

Бүгүн, 14-мартта президент Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине кезектеги маегин берди. Анда ал Кемпир-Абад иши боюнча камактагылардын жакындары аларды бошотуу талабын коюп, аткарылбаса митинг болорун эскерткен билдирүүлөрүнө жооп берди.

"Митингдерден коркпойбуз. Жеке кызыкчылыктарын ишке ашырыш үчүн митингге чыккандарды көрүп качып же жашынып олтуруп алчу мен эмесмин. Эгер мен мамлекетти тоноп, жакындарымды майлуу жерге коюп, мамлекетти кризистин сазына батырып атсам корксом болот эле.

Тескерисинче командам менен күнү-түнү дебей кара жаныбызды карч уруп иштеп жатабыз. Кекиртегинен сазга баткан мамлекетти эми араң саздан сууруп чыктык. Бажы, салык системасындагы уурулукту жоюп, бюджетти дээрлик 3 эсеге жакын көтөрдүк. Болбосо азыркыдай өнүгүүнү бул жакка коёлу, 2020-жылы эле чет жактардан кредит алып, эмгек акы менен пенсия, пособияларды жаап калган ахывалга келип калбадык беле. Сырткы карыздан кантип кутулабыз деген курч көйгөйдү эле талкуулап калбадык беле. Же эс тутумубуз ушунча кыскабы? Эгер мурдакыдай уурдап эле жашаган заманыбыз жакшы экен деп митингге чыккандар болсо башынан сылап отурбайбыз. Жооп катуу болот. Анткени "наше дело правое". Элдин көпчүлүк бөлүгү аларды колдобойт. Бизди колдойт. Көпчүлүккө баш ийиш керек", - деген Жапаров.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын 23-октябрында милиция бир катар саясатчы, жарандык активисттерди кармап кеткен. Ички иштер министрлиги аларга Кылмыш-жаза кодексиндеги “Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу” беренеси (36, 278) менен козголгон кылмыш иштин алкагында кармалганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан