Кечээ, 13-мартта "Бишкек Арена" муз тебүүчү аянтчада өтүп жаткан Кыргызстан менен Түркмөнстан курама командаларынын хоккей боюнча беттешинде электр жарыгы өчүп калды.
Анда оюндун бүтөрүнө 7 мүнөт 52 секунд калганда электр жарыгы өчүп калган. Болжол менен 15-20 мүнөттөн кийин электр энергиясы калыбына келтирилип, командалардын беттеши кайрадан улантылган.
Ал эми Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы Түркмөнстандын курама командасын 7:5 эсебинде жеңип алган.
Белгилей кетсек, хоккей боюнча Дүйнө чемпиондугуна Кыргызстан, Мексика, Түштүк Африка Республикасы, Люксембург, Түркмөнстан жана Таиланддын командалары катышып жатат. Мелдеш борбор калаадагы "Бишкек-Арена" спорт комплексинде өтүүдө.