Кыргыз футбол союзу Штефан Тарковичтин жетекчилиги алдындагы футбол боюнча улуттук кураманын тизмесин жарыялады. Анда 2026-жылы Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу турунун алкагында өтө турган Кытайлык Тайбэйге каршы оюндарга карата өлкө командасынын курамы бекитилген.
Маалыматка караганда, кыргыз курамасына 28 оюнчу чакырылган. Алар 16-марттан тарта алдыдагы оюндарга болгон даярдыгын Гаосюн шаарында баштайт.
"Кими Мерк жана Айзар Акматов Азия Кубогу- 2023түн алкагында Кыргызстан-Сауд Арабия беттешинде кызыл айып кагаздарын алып калгандыгы үчүн биринчи беттешти өткөрүп жиберишет. Эрбол Атабаев болсо өз клубунун программасынан кийин курамага экинчи оюн алдында келип кошулат", - деп айтылат маалыматта.
Команданын курамы төмөндөгүдөй:
Дарбазачылар:
- Токотаев Эржан (Шанлиурфспор, Түркия);
- Чомоев Султан (Дордой);
- Алыбеков Дастан (Нефтчи).
Коргоочулар:
- Кичин Валерий (Эне-Сай, Орусия);
- Козубаев Тамирлан (Истерн, Гонгконг);
- Браузман Християн (Абдыш-Ата);
- Узденов Магамед (Абдыш-Ата);
- Шамурзаев Амантур (Абдыш-Ата);
- Дациев Саид (Дордой);
- Мищенко Александр (Дордой);
- Таалайбек уулу Бактай (Мурас Юнайтед).
Жарым коргоочулар:
- Мерк Кай (Юнион Титус Петанж, Люксембург);
- Абдурахманов Одилжон;
- Зарыпбеков Эльдияр (Чайка, Орусия);
- Амангелдиев Бектур (Нагаворд, Камбоджа);
- Кадыржанов Адиль (Дордой);
- Кенжебаев Эрмек (Славия Мозырь, Беларусь);
- Ахмедов Муролимжон (Дордой);
- Мерк Кими (Пахтакор, Өзбекстан);
- Сталбеков Нурдөөлөт (Алай)
- Алмазбеков Бекназ (Галатасарай, Түркия);
- Джумашев Атай (Абдыш-Ата);
- Жапаров Амир (Мурас Юнайтед)"
- Атабаев Эрбол (Волгарь, Орусия);
Чабуулчулар:
- Орунтаев Нурислам (Илбирс);
- Артыкбаев Ырыскелди (Дордой);
- Кожо Жоэл (Динамо Самарканд, Өзбекстан);
- Мурзахматов Марлен (Дордой).
Кыргыз курама командасы Кытайлык Тайбэйге каршы 21 жана 26-март күндөрү беттеш өткөрөт.