Украиналык эки футболчу "Ак шумкарлар" үчүн ойношу мүмкүн

Украиналык борбордук коргоочулар Михаил Калугин менен Андрей Мищенко Кыргызстандын жарандыгын алышты. Бул тууралуу эл аралык журналист Александр Троицкий “Азия-Спорт” телеграмм каналында билдирди.

32 жаштагы Андрей Мищенко бишкектик "Дордой" клубунда ойногон. Ошондой эле ал Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан жана Израилдин командаларында дагы ойногон.

Ал эми 29 жаштагы Калугин канттык "Абдыш-Ата" клубунда ойноп, быйыл Жалал-Абаддын "Мурас Юнайтед" клубуна өттү.

Эл аралык журналист эки футболчу тең Кыргыз улуттук курамасында ойноп калышы мүмкүн экенин жазды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан