Учурда социалдык тармактарда спортчу Жоламан Шаршенбековдун топту буту менен баскетбол шакекчесине салган видеосу тарап жатат. Анда балбан чимирилип, топту бутуна кысып шакекчеге киргизип жатканын көрүүгө болот.
Видеонун астына социалдык тармактын колдонуучулары жакшы пикирлерин калтырып жатышат.