Садыр Жапаров жаңы муфтийге диний жамааттарды бириктирүүнү тапшырды

Өлкө башчы Садыр Жапаров жаңы шайланган муфтий Абдулазиз Закировду кабыл алганын президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Маалымдалгандай, мамлекет башчы Абдулазиз Закировду муфтий кызматына шайланышы менен куттуктап, исламдын салттуу баалуулуктарына туура келбеген айрым көрүнүштөргө тынчсыздануусун билдирген.
"Демократиянын урааны менен өлкөгө түрдүү агымдар кирип келди. Натыйжада исламдын ичинде Хизбут, Салафит өңдүү бир топ жамааттар пайда болду. Ар кимиси өз көмөчүнө күл тартып, меники туура дешет. Эми алардын башын бириктирип, ынтымакка чакырышыңыз керек. Азыр билимдүүсү деле, билимсизи деле башка улуттун кийимин кийип, көчө кыдырып, динди айтып жүргөнүн көрүп жүрөбүз. Коомчулукта жат маданияттын, чала сабаттуулуктун кесепетинен ислам дини элдин көзүнө жаман көрүнүп, эл башка баалуулуктарга, жаңы диндерге ыктап кетүүдө. Албетте, баары эмес, бирок саналуу бир бөлүгү ошондой болуп жатканын көрүп жатабыз", - деди Жапаров.
Ал эми муфтий Закиров президенттин кабыл алуусуна ыраазычылыгын билдирип, дин эгемендүүлүгүндө алгылыктуу иштер жүрүп жатканын белгиледи.
14.03.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан