ӨКМ куткаруучусу Бекназар Куштарбек уулу эрежесиз эр уруш боюнча чемпион болду. Бул тууралуу аталган министрликтин маалыматында айтылат.
Маалымдалгандай, ал Орусиянын Воронеж шаарында өткөн эр уруш боюнча OPEN FC 39 турнирине катышкан.
Мелдеште Бекназар шоу көрсөтүп, профессионалдык ЭЭР (ММА) боюнча алтынчы жеңишин камсыздай алды.
Бекназар уулу ӨКМнын Ош облусу боюнча башкармалыгынын Кара-Суу району боюнча ӨКБнын өрт-өчүрүүчү куткаруучусу болуп эмгектенет.