Өлкөнүн хоккей боюнча улуттук курамасы "Бишкек-Арена" спорт комплексинде өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунда Мексика курамасын 9:4 эсебинде утту.
Ошондой эле төртүнчү тур оюндарынын алкагында Люксембург курамасы Түштүк Африканы 4:2, Таиланд Түркмөнстанды 13:3 эсебинде утту.
Белгилей кетсек, үчүнчү тур оюндарынын жыйынтыгы менен Таиланд курамасы 12 упай топтоп биринчи орунда турат. Экинчиге тогуз упай топтогон Кыргызстан курама командасы чыкты. Үчүнчү орунду 8 упайы менен Люксембург ээледи. Түркмөнстан менен Түштүк Африка өлкөлөрү үчтөн упай топтоп, 4-5-орундарга жайгашты. Ал эми Мексика бир упай менен алтынчы орунда турат.