"Азия MIX" командасынын оюнчусу Марат Жуманалиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү (сүрөт, видео)

Бүгүн, 15-мартта Бишкектеги борбордук Имам Сарахси мечитинде "Азия MIX" командасынын оюнчусу Марат Жуманалиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Ага жаназа жума намазынан кийин окулду.

Коштошуу зыйнатына Жуманалиевдин жакындары, чыгармачылыктагы достору жана санаалаштары катышты. Аны акыркы сапарга узатуу үчүн жалпысынан 10 миңден ашуун адам келди.

Эске салсак, Маратик деп таанылган Жуманалиев кечээ, 14-мартта каза болгон. Ал 1981-жылдын май айында төрөлгөн. Бул жылы 43 жашка чыкмак.

Марат Жуманалиевге жаназа окулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан