Белгилүү опера ырчысы Талгарбек Жакшылыков акыркы сапарга узатылды

Бүгүн, 15- мартта Эл артисти, чыгаан опера ырчысы, Абдылас Малдыбаев атындагы эл аралык музыкалык сыйлыктын лауреаты, доцент Талгарбек Жакшылыков акыркы сапарга узатылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, ага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов баштаган расмий өкүлдөр, кесиптештери, жакындары жана кеңири коомчулук катышты.

"Чыгып сүйлөгөндөр Талгарбек Жакшылыковду студент кезинен чыгармачылыкка аралашып, алгач Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында хор артисти катары иштеп баштап, театрдын жетектөөчү солисти, опера группасынын инспектору кызматын айкалыштырып иштегенин, өзгөчө үнү менен айырмаланган Талгарбек Жакшылыковдун дүйнөлүк жана кыргыз композиторлорунун эң татаал делген партиянын бөлүктөрүн ырларын‚ романстарын чебер аткарып, коомчулукка таанылганын эскеришти",-деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле ал Кыргызстанда гана эмес, эл аралык деңгээлде таанылган талант, өз өмүрүн музыка эле эмес, агартуучулукка арнап, артынан нечендеген муундарды тарбиялап, өмүрүн акырына чейин Кыргыз Улуттук консерваториясында эмгектенгени, чыгармачылык жолунда Италиядан стажировкадан өтүп, кесиптик билимин жогорулатуунун үстүндө да талыкпай изденгенин, өз ишинин кесипкөйү жана анын адамгерчилиги тууралуу айтылды.

Белгилей кетсек, анын сөөгү Ала- Арча көрүстөнүнө жерге берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан