Нурзат Токтосунова: "Аялдын бактысы күйөөгө байланган эмес"

Биздин бул жолку мейманыбыз белгилүү алпаруучу Нурзат Токтосунова болду. Жакында эле ал кыз узатуу тойдо кыздарга салават айттырып, коомчулуктун катуу сынына кабылган эле.

Бул маселеде ал коомчулуктун сынын кандай кабыл алды жана тойдо эмне үчүн салават айттырганын түшүндүрүп өттү. Ошондой эле азыркы учурда эң бактылуу адам экенин, өнүп-өсүүдө өзүнө көптөгөн тажрыйба топтоп жатканын кошумчалады жана аялдык бакыттын сырлары туурасында айтып берди.

"Аялдын бактысы күйөөгө, балага байланган эмес. Чыныгы түшүнгөн кишиге аял ушул турган турпаты менен бактылуу дагы, бактысыз дагы боло алат. Аны аял өзү чечет. Бакыт 24 саат бою болбойт. Бактылуу мүнөттөр жана өзүңө болгон канааттануу болот", - деди ал.

Кененирээк SUPER.KG порталынын YouTube каналынан көрүңүздөр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан