"Өлкөмдү сагындым". Германияда иштеп жүргөн ырчы Мерген Турган менен маек

Белгилүү шоумен, пародист жана ырчы Мерген Турган дээрлик беш жылдан бери Германия өлкөсүндө иштеп, жашап жүрөт. Күйөрмандарынын айрым суроолору менен Мерген мырзага байланышып, учурда эмне менен алек болуп жатканы тууралуу сурадык. Ал жакында аталган өлкөдө жеке концертин бере турганын айтты.

РОМАНТИКАЛУУ КОНЦЕРТ БОЛОТ

Сахнага биринчи жолу чыгып жаткандай толкунданып жатам. Себеби 4-5 жылдык тынымдан кийин чыгармачылыкка кайтканы жатам. 27-апрелде Германиянын Көлн деген шаарында "Мурас" кыргыз-казак коомунун жардамы менен “Көк асман" аттуу жеке концертимди берем. Эгер Кыргызстанда болсом өзүмдүн көрүүчүлөрүм келмек. Эми Европада жүргөн кыргызстандык мекендештер келип колдойт деген ойдомун. Кантсе да алыста жүргөнүбүз менен бир атанын балдарыбыз да. Ал күнү сахнага болгон сагынычымды эл менен бирге бөлүшүп, романтикалуу, сезимтал концерт болот деген ойдомун. Күйөрмандарымды чыдамсыздык менен күтөм. Кыргызстанга барганда алгач Бишкекке, андан соң 7 дубанды кыдырып концерт бергим келет. Америка, Москвадагы кыргыздарга да концертимди койсом дейм. Ырым, жүрөгүм кыргыз үчүн.

УЧУРДА ЭМНЕ МЕНЕН АЛЕК?

Концертке даярдык көрүүдөмүн. Мындан сырткары немис тилин үйрөнүп жатам. Тилди билбесең жакшы жумуш да болбойт. Негизи бул тил мага оор болуп жатат. Оюмду түшүндүрүп айтып бере алам, бирок терең түшүнө албай жатам. Биз, кыргыздар тилди үйрөнө турган болсок, тереңине чейин кирип үйрөнөбүз, ушундайыбыз бар.

ОБРАЗЫМДЫ УЛАМ ЖАҢЫЛАП ТУРГУМ КЕЛЕТ

Чачым боюнча ар кандай пикирлер айтылып жатат. Мурун чачым узун, тармал болсо, эми өзүмдүн оюмдагыдай кылып жасадым. Бул менин чыгармачылык образым, ал эми жашоодо такыр башка адамдарбыз. Эл түшүнөт деп ойлойм, күйөрмандарымды образым менен кызыктыргым келет. Бир образда жүрө берген болбойт го.

ЭЛ АРТИСТИ НААМЫНА ТАТЫКТУУМУН

Убагында "Эл артисти наамын сурагандан уялып калдым” дегем. Азыр уялбайм, бербегендер уялсын. Башка өлкөнүн мен сыяктуу ырчылары эркелеп, “Эл артисти” гана эмес андан жогорку наамдарды да алып жүрөт. Чачымдын узун-кыскасына, көзүмдүн карасына, көгүнө карап эле бербей жатышат го деп да ойлом коём. Убакыт көрсөтөт да эми, албетте наамды алгым келет, үмүтүм дагы деле бар. Тегерегиңдеги адамдар бир наамдын ээси болбосоң үстүңөн карашат. Сени баалабай, көтөрмөлөбөй, үстүңөн басып жаткан учурда бул сөздү айтууга туура келип жатат. Бул мактанчаактыкка жатса, анда кечирим сурайм. Бирок мен "Кыргыз Эл артистине" бардык жактан татыктуумун деп ойлойм.

Бул жактагы диаспорабыз мени Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамына көрсөтөбүз деп элчиликке нота жибериптир. Жакшы жооп болот деп үмүттөнүп жатам.

КЫРГЫЗСТАН ДАЙЫМА ОЮМДА

Кыргызстанга быйыл болбосо да, кийинки жылы барам деп жатам. Өлкөмдү сагындым. Буюрса ал күн да келет. Чет жакта жүргөнүң менен өз жериңе, элиңе эч нерсе жетпесе керек. Кыргызстан дайыма оюмда. Бул "сатып кетти, кетип калды" деген адамдарга бере турган жообум - андай эч качан болбойт, өз жериңди сатып дагы, ал жактан кете да албайсың.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан